# 330-берене. Апелляциялык даттанууга (сунуштамага) каршы пикир

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.11.2025 [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650); 11.04.2020 [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=44240..52162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-330>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-330.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 330-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-330

---

1. Ишке катышуучу адамдар апелляциялык даттанууга (сунуштамага) жазуу жүзүндө машинкага басылган текст түрүндөгү каршы пикирин бере алат, ага ушул каршы пикирди ырастаган документтер менен башка далилдер ишке катышуучу адамдардын санындагы көчүрмөлөрү менен тиркелет. Апелляциялык даттанууга (сунуштамага) каршы пикир ошондой эле сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик түрдө сотко берилиши мүмкүн.

2. Каршы пикирлердин жана аларга тиркемелердин көчүрмөлөрү ишке катышуучу жактарга берилет. Аппеляциялык даттанууга (сунуштамага) санариптик түрдө берилген каршы пикир жана анын тиркемелери сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгаштырылат.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [329-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-329)  
Кийинки берене: [331-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-331)
