# 329-берене. Апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.11.2025 [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402) (күчүнө кире элек); 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=44240..52162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-329>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-329.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 329-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-329

---

Апелляциялык даттануу (сунуштама) даттанууну (сунуштаманы) берген жакка сот тарабынан төмөнкүдөй учурларда кайра кайтарылат:

1) даттануу мөөнөтүнүн өтүп кетишинде жана даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч болбогондо;

2) эгерде апелляциялык даттануу (сунуштама) ушул Кодекстин 325-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарын бузуу менен берилсе;

3) эгерде ишке катышуучу жактарга даттануунун (сунуштаманын) жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрү жиберилгендигинин далилдери тиркелбесе.

4) эгерде даттанууга мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүнүн далилдери тиркелбесе.

41) тараптар медиациялык макулдашууга жетише албаган учурда соттук териштирүүнү улантуу үчүн эгерде арыз берүүчү тарабынан мамлекеттик алымдын калган бөлүгү төлөнбөсө;

5) эгерде иш апелляциялык тартипте каралса.

2. Апелляциялык инстанциядагы сот апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтаруу жөнүндө жүйөлөнгөн аныктама чыгарат.

Апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтаруу жөнүндө аныктама ал сотко келип түшкөн учурдан баштап үч күндүк мөөнөттө чыгарылууга тийиш жана даттануу (сунуштама) берген жакка даттанууга тиркелген бардык документтери менен кошо тапшырылууга же жиберилүүгө тийиш. Эгерде сот тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер бар экендиги аныкталса, апелляциялык даттануу (сунуштама) берген жакка ал өндүрүшкө кабыл алынгандан кийин да кайтарылат.

3. Эгерде даттануу (сунуштама) берген жак өзү жол берген бузууларды жойсо, ушул Кодекстин 324-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган мөөнөттөр сакталган шартта, апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтаруу жөнүндө аныктама аталган жактын ошол эле иш боюнча даттануу (сунуштама) менен кайталап кайрылуусуна тоскоолдук кылбайт.

Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган учурду кошпогондо, даттанууну кайра кайтаруу жөнүндө соттун аныктамасына кассациялык даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамдарынынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [328-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-328)  
Кийинки берене: [330-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-330)
