# 325-берене. Апелляциялык даттануунун (сунуштаманын) формасы жана мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.11.2025 [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402) (күчүнө кире элек); 14.11.2025 [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 182 "О внесении изменений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030312)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=44240..52162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-325>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-325.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 325-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-325

---

1. Апелляциялык даттануу (сунуштама) машинада басылган текст менен жазуу жүзүндө же болбосо сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик формада берилет.

2. Апелляциялык даттанууда (сунуштамада) төмөнкүлөр камтылат:

1) даттануу (сунуштама) даректелген соттун аталышы;

2) даттанууну (сунуштаманы) берген жактын аталышы, анын жашаган жери, эгерде бар болсо – мобилдик телефон, факс номерлери, электрондук почтасынын дареги, ал эми юридикалык жак үчүн буга кошумча - анын каттоо номери, жайгашкан жери жана башка реквизиттери;

3) даттанылып жаткан чечим;

4) даттануунун (сунуштаманын) жүйөлөрү;

5) даттанууну (сунуштаманы) берген жактын өтүнүчү;

6) даттанууга (сунуштамага) тиркелген документтердин тизмеги;

7) зарыл болгондо - апелляциялык даттануунун өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз жана мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу жөнүндө арыз.

3. Апелляциялык даттанууга (сунуштамага) аны берген жак кол коет. Өкүл тарабынан берилген апелляциялык даттанууга ишеним кат же, эгерде иште мындай документ жок болсо, өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн башка документ тиркелүүгө тийиш. Юридикалык жактын жетекчисинин койгон колу мөөр менен күбөлөндүрүлөт.

4. Апелляциялык даттануу (сунуштама) берген жактар ишке катышуучу жактарга даттануунун (сунуштаманын) жана ага тиркелүүчү, аларда жок документтердин көчүрмөлөрүн жиберет.

5. Апелляциялык даттанууга мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүнүн далилдери, ошондой эле даттануунун жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн ишке катышуучу жактарга жиберилгендигинин далилдери тиркелүүгө тийиш.

6. Талашты медиацияны колдонуу жолу менен чечүү ниети болгондо төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын төлөө мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө өтүнүч апелляциялык даттанууга тиркелүүгө тийиш.

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 182, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) Караңыз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими 2018-жылдын 24 январындагы.

---

Мурунку берене: [324-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-324)  
Кийинки берене: [326-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-326)
