# 324-берене. Апелляциялык даттануу (сунуштама) берүүнүн тартиби жана мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=44240..52162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-324>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-324.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 324-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-324

---

1. Апелляциялык даттануу (сунуштама) чечимди чыгарган биринчи инстанциядагы сот аркылуу берилет. Апелляциялык даттануу (сунуштама) ошондой эле сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу менен санариптик түрдө апелляциялык инстанцияга берилиши мүмкүн.

2. Соттун чечимине апелляциялык даттануу (сунуштама), эгерде мыйзамда башка мөөнөттөр каралбаса, сот чечим чыгаргандан кийин отуз күндүн ичинде берилиши мүмкүн.

3. Апелляциялык даттануу (сунуштама) берүүгө процесстик мөөнөт апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан ушул Кодекстин 127-беренесине ылайык калыбына келтирилиши мүмкүн.

Өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө апелляциялык инстанциядагы соттун тиешелүү соттук коллегиясынын апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кароонун натыйжалары боюнча кабыл алган сот актысында көрсөтүлөт. Өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө соттук коллегия аныктама чыгарат, ал кассация тартибинде даттанылышы мүмкүн. (КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [323-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-323)  
Кийинки берене: [325-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-325)
