# 323-берене. Апелляциялык даттануу укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-323>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-323.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 323-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-323

---

1. Биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирбеген актыларын тараптар жана ишке катышуучу башка жактар апелляциялык тартипте апелляциялык инстанцияга даттана алат.

2. Баланын укуктарын бузуучу чечим кабыл алынган иштер боюнча прокурордун арыздары боюнча козголгон же прокурордун катышуусу менен каралган иштер боюнча, ошондой эле сот тарабынан мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды бузган чечим кабыл алынган учурда прокурор сунуштама киргизүүгө укуктуу.

3. Ишке катышууга тартылбаган, бирок укуктарына жана милдеттерине карата сот чечим кабыл алган жактар да апелляциялык даттануу берүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [322-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-322)  
Кийинки берене: [324-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-324)
