# 322-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жана жоголгон сот өндүрүшүн калыбына келтирүү жөнүндө арызды карабастан калтыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261668..1261669>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-322>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-322.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 322-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-322

---

1. Жоголгон сот өндүрүшүн калыбына келтирүү жөнүндө арызда кайрылуунун тиешелүү максаты көрсөтүлбөсө же кайрылуунун арыз берүүчү көрсөткөн максаты анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого байланышпаса, сот арызды карабастан калтырат.

2. Жыйналган материалдар жоголгон сот өндүрүшүнө байланышкан сот актысын так калыбына келтирүү үчүн жетишсиз болгондо, сот өз аныктамасы менен жоголгон сот өндүрүшүн калыбына келтирүү жөнүндө иш боюнча өндүрүшү токтотот жана ишке катышуучу жактарга доону жалпы тартипте коюу укугун түшүндүрөт.

3. Жоголгон сот өндүрүшүн калыбына келтирүү жөнүндө арызды кароо аны сактоонун мөөнөтү менен чектелбейт. Бирок жоголгон сот өндүрүшүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз менен аны аткаруу максатында кайрылганда, эгерде аткаруу барагын аткаруу үчүн берүүнүн мөөнөтү өтүп кетсе жана сот тарабынан калыбына келтирилбесе, сот жоголгон сот өндүрүшүн калыбына келтирүү жөнүндө иш боюнча өндүрүштү да токтотот.

4. Жоголгон сот өндүрүшүн калыбына келтирүү маселелери боюнча аныктамага карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [321-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-321)  
Кийинки берене: [323-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-323)
