# 321-берене. Арызды кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-321>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-321.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 321-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-321

---

1. Ишти кароодо сот өндүрүштүн сакталган бөлүктөрүн, өндүрүш жоголгонго чейин иштен жарандарга жана мекемелерге берилген документтерди, алардын көчүрмөлөрүн, ишке тиешелүү башка маалымкаттарды жана кагаздарды колдонот.

2. Сот процесстик аракеттерди жасоого катышкан жактарды, зарыл учурларда - өндүрүшү жоголгон ишти караган судьяларды, ошондой эле соттун чечимин аткарган жактарды күбө катары сурай алат.

3. Соттун жоголгон чечимин же сот өндүрүшүн токтотуу жөнүндө соттун аныктамасын калыбына келтирүү жөнүндө арыз канааттандырылганда сот чечим чыгарат, анда сот сотко берилген кайсы маалыматтардын жана жоголгон өндүрүш боюнча процесстин бардык катышуучуларынын катышуусу менен сот жыйналышында иликтенген кайсы маалыматтардын негизинде калыбына келтирилүүчү сот актысынын мазмуну аныкталды деп эсептей тургандыгын көрсөтөт.

---

Мурунку берене: [320-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-320)  
Кийинки берене: [322-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-322)
