# 32-берене. Сотко өзгөчө караштуулук

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 32-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-32

---

1. Жер участокторуна, жер казынасынын участокторуна, обочолонгон суу объекттерине, токойго, көп жылдык бак-дарактарга, имараттарга, курулмаларга жана жерге бекем байланышкан башка объекттерге (кыймылсыз мүлккө) укуктар жөнүндө, ошондой эле мүлктү бошотуу жөнүндө доо бул объекттердин же камак салынган мүлктүн жайгашкан жери боюнча коюлат.

2. Мурас калтыруучунун кредиторлорунун мураскорлор мурасты кабыл алганга чейин койгон доолору мурас мүлк же анын негизги бөлүгү жайгашкан жер боюнча сотко караштуу болот.

3. Жүктү, жүргүнчүлөрдү же багажды ташуу келишимдеринен келип чыгуучу, ташуучуларга карата доолор транспорт ишканасынын органы жайгашкан жер боюнча коюлат.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-33)
