# 3181-берене. Нотариустун актыларын, жасалган нотариалдык аракеттерди же аларды жасоодон баш тартууну талашуу жөнүндө арыз берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 361-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261672..1261674>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-3181>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-3181.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 3181-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-3181

---

1. Нотариустун актысын, жасалган нотариалдык аракетти же нотариалдык аракетти жасоодон баш тартууну туура эмес деп эсептеген кызыкдар жак бул жөнүндө нотариустун же нотариалдык аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу кызмат адамынын турган жери боюнча сотко арыз берүүгө укуктуу.

2. Арыз сотко ал арыз ээсине нотариалдык акт, жасалган нотариалдык аракет жөнүндө же нотариалдык аракетти жасоодон баш тартуу жөнүндө белгилүү болгон күндөн тартып эсептелүүчү он күндүк мөөнөттө берилет.

3. Нотариустун актыларын, жасалган нотариалдык аракеттерди же аларды жасоодон баш тартууну талашуу жөнүндө арызды кароодо кызыкдар жактардын ортосунда укук тууралуу талаш-тартыштын бар экендигинин аныкталышы бул арызды кароосуз калтырууга алып келет. Мында укук жөнүндө талаш-тартыш сот тарабынан доо өндүрүшүнүн тартибинде каралат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [318-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-318)  
Кийинки берене: [3182-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-3182)
