# 318-берене. Иш боюнча чечим

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-318>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-318.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 318-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-318

---

1. Арызды маңызы боюнча карап чыгып, сот чечим чыгарат, анда арыз четке кагылат же канааттандырылат.

2. Арызды канааттандыруу жөнүндө чечим жаранды сот белгилеген мөөнөткө психиатриялык стационарга мажбурлап жаткыруу жана андан ары кармоо үчүн негиз болуп саналат.

3. Мажбурлап ооруканага жаткыруу жөнүндө соттун чечими ал чыгарылган учурдан тартып он күндүк мөөнөттө психиатриялык мекемеге жайгаштырылган адам, анын өкүлү, психиатриялык мекеменин жетекчиси же прокурор тарабынан ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

4. Адам психиатриялык стационарга мажбурлап жаткырылган учурдан тартып алты ай өткөндөн кийин психиатриялык мекеменин администрациясы мекеме турган жер боюнча сотко ал адамдын психиатриялык стационарда андан ары болуусунун зарылдыгы жөнүндө врач-психиатрлар комиссиясынын жүйөлөнгөн корутундусун тиркөө менен ооруканага жаткырууну узартуу жөнүндө арыз жөнөтөт.

5. Ушул главада каралган тартипте сот өз чечими менен жаранды психиатриялык стационарда кармап туруу мөөнөтүн узартууга укуктуу. Мындан кийин психиатриялык стационарга мажбурлап жаткырылган жаранды мажбурлап жаткырууну узартуу жөнүндө чечим ушул главанын талаптарын сактоо менен сот тарабынан жыл сайын кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [317-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-317)  
Кийинки берене: [3181-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-3181)
