# 318-10-берене. Соттун ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 361-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-318-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 318-10-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-318-10

---

1. Сот даттанууну негиздүү деп таап, аксакалдар сотунун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө аныктама чыгарат жана тарапка анын жалпы тартипте сотко кайрылууга болгон укугу жөнүндө түшүндүрөт.

2. Сот даттанууну негизсиз деп таап, же болбосо даттанууну берүү мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу менен, даттанууну канааттандыруудан баш тартат.

3. Даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча сот аныктама чыгарат.

4. Соттун аныктамасы ал чыгарылган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Соттун аныктамасы апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасы акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.

(КР 2025-жылдын 6-августундагы № 190 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [318-9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-318-9)  
Кийинки берене: [319-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-319)
