318-10-берене. Соттун ыйгарым укуктары
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 361-глава
1. Сот даттанууну негиздүү деп таап, аксакалдар сотунун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө аныктама чыгарат жана тарапка анын жалпы тартипте сотко кайрылууга болгон укугу жөнүндө түшүндүрөт.
2. Сот даттанууну негизсиз деп таап, же болбосо даттанууну берүү мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу менен, даттанууну канааттандыруудан баш тартат.
3. Даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча сот аныктама чыгарат.
4. Соттун аныктамасы ал чыгарылган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Соттун аныктамасы апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасы акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.
(КР 2025-жылдын 6-августундагы № 190 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
318-10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111521/st-318-10" title="318-10-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>