# 317-берене. Арызды кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-317>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-317.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 317-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-317

---

1. Жаранды психиатриялык стационарга мажбурлоо тартибинде жаткыруу жөнүндө арызды сот иш козголгон учурдан тартып беш күндүн ичинде карайт.

2. Жаранга аны мажбурлап ооруканага жаткыруу жөнүндө иш боюнча соттун жыйналышына жеке катышуу укугу берилүүгө тийиш. Эгерде психиатриялык мекеменин өкүлүнөн алынган маалыматтар боюнча бул анын ден соолугунун абалынан улам мүмкүн эмес болсо, сот жыйналышы психиатриялык мекеменин орун-жайында жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Иш сотко кайрылган психиатриялык мекеменин өкүлүнүн, прокурордун жана ооруканага жаткыруу жөнүндө маселеси каралып жаткан адамдын өкүлүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен каралат.

---

Мурунку берене: [316-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-316)  
Кийинки берене: [318-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-318)
