# 310-берене. Документти кармоочудан арыз келип түшкөндөн кийинки судьянын аракеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-310>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-310.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 310-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-310

---

1. Жарыя жасалган күндөн тартып үч айлык мөөнөт аяктаганга чейин документти кармоочудан арыз келип түшкөн учурда сот документти жоготуп жиберген жактын арызын карабастан калтырат жана документти берген мекеменин (жактын) бул документ боюнча төлөмдөрдү жана берүүнү жүргүзүшүнө тыюу салынуучу мөөнөттү белгилейт. Бул мөөнөт эки айдан ашпоого тийиш.

2. Ошол эле убакта сот арыз берүүчүгө документти талап кылуу жөнүндө документти кармоочуга карата жалпы тартипте доо коюуга анын укугу тууралуу, ал эми документти кармоочуга - көрүлгөн тыюу салуу чаралары менен ага келтирилген чыгашалардын ордун арыз берүүчүдөн өндүрүп алууга анын укугу жөнүндө түшүндүрөт.

3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн маселелер боюнча аныктамага жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [309-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-309)  
Кийинки берене: [311-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-311)
