# 308-берене. Арызды кабыл алгандан кийинки судьянын аракеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-308>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-308.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 308-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-308

---

1. Арызды кабыл алгандан кийин сот документти берген мекеменин (жакка) ал боюнча төлөмдөрдү жана берүүнү жүргүзүшүнө тыюу салуу жөнүндө аныктама чыгарат жана аныктаманын көчүрмөсүн документти берген мекемеге (жакка), реестрдин кармоочусуна, каттоочуга жиберет.

2. Аныктамада ошондой эле төмөнкүлөр камтылган билдирүүнү арыз берүүчүнүн эсебинен жергиликтүү газетада жарыялоо жөнүндө көрсөтүлөт:

1) документтин жоготулгандыгы жөнүндө арыз келип түшкөн соттун аталышы;

2) арыз берген жакты жана анын жашаган жерин көрсөтүү;

3) документтин аталышы жана айырмалоочу белгилери;

4) жоголгондугу жөнүндө билдирилген документтердин кармоочусуна жарыя жасалган күндөн тартып үч айдын ичинде бул документке карата өз укуктары тууралуу сотко арыз берүү сунушу.

3. Аныктама чыгаруудан баш тартууга карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [307-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-307)  
Кийинки берене: [309-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-309)
