# 306-берене. Арызды берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-306>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-306.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 306-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-306

---

1. Көрсөтүүчүгө төлөнүүчү баалуу кагаздарды жана ордердик баалуу кагаздарды (мындан ары - документ) жоготкон жак мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда жоголгон документтерди жараксыз деп таанууну жана аларга карата укуктарын калыбына келтирүүнү соттон өтүнө алат. Талаптагыдай эмес сактоонун натыйжасында же башка себептер боюнча документте төлөмдүк белгилери жоготулганда да документ боюнча укуктар калыбына келтирилиши мүмкүн.

2. Жоголгон документтерди жараксыз деп таануу жөнүндө арыз ал документти берген мекеменин (жактын) жайгашкан жери боюнча сотко берилет.

---

Мурунку берене: [305-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-305)  
Кийинки берене: [307-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-307)
