# 305-берене. Арыз боюнча соттун чечими

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-305>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-305.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 305-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-305

---

1. Сот кыймылдуу мүлктүн менчик ээси жок же болбосо ээси ага карата менчик укугун сактоого ниеттенбестен аны калтырган деп таанып, кыймылдуу мүлктү ээсиз деп таануу жана ага ээлик кылууга киришкен жактын менчигине аны өткөрүп берүү жөнүндө чечим чыгарат.

2. Сот кыймылсыз мүлктүн ээси жок же ага карата менчик укугун сактоо ниетисиз калтырылган жана мыйзамда белгиленген тартипте эсепке алынган деп таанып, кыймылсыз мүлктүн ээсиз деп таануу жана ал мүлккө карата муниципалдык менчик укугун таануу жөнүндө чечим чыгарат.

---

Мурунку берене: [304-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-304)  
Кийинки берене: [306-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-306)
