# 302-берене. Арыздын мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-302>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-302.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 302-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-302

---

1. Кыймылдуу мүлктү ээсиз деп таануу жөнүндө арызда кайсы буюм ээсиз деп таанылууга тийиш экендиги көрсөтүлүүгө, анын айырмалуу негизги белгилери сыпатталууга, буюмдун менчик ээси ага карата менчик укугун сактоого ниеттенбестен калтырып койгондугун күбөлөндүргөн далилдер жана арыз берүүчүнүн ага ээлик кылууга киришкендигин күбөлөндүргөн далилдер келтирилүүгө тийиш.

2. Муниципалдык мүлктү башкарууга ыйгарым укуктуу органдын кыймылсыз мүлккө карата муниципалдык менчик укугун таануу жөнүндө арызында кыймылсыз мүлк качан жана ким тарабынан эсепке алынгандыгы көрсөтүлүүгө, ошондой эле буюмдун менчик ээси ага карата менчик укугун сактоого ниеттенбестен калтырып койгондугун күбөлөндүргөн далилдер келтирилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [301-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-301)  
Кийинки берене: [303-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-303)
