# 300-берене. Эмансипация жөнүндө чечимди жокко чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-300>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-300.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 300-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-300

---

1. Жашы жете электи толук аракетке жөндөмдүү деп жарыялоо (эмансипация) жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралуу арыз ата-энеси, асырап алуучулары же камкорчусу, ошондой эле балдарды коргоо боюнча орган тарабынан жашы жете электи толук аракетке жөндөмдүү деп жарыялоо (эмансипация) жөнүндө чечим кабыл алган сотко же болбосо мындай чечимди кабыл алган балдарды коргоо боюнча органдын жайгашкан жери боюнча сотко берилет.

2. Негиздер болгон учурда сот балдарды коргоо боюнча органдын жашы жете электи аракетке толук жөндөмдүү деп жарыялоо (эмансипация) жөнүндө чечимин жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алышы жана он алтыга чыккан жашы жете электи аракетке толук жөндөмдүү деп жарыялоодон баш тартышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [299-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-299)  
Кийинки берене: [301-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-301)
