# 3-берене. Жарандык сот өндүрүшүнүн максаттары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 3-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-3

---

1. Жарандардын жана менчигинин формасына карабастан юридикалык жактардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык, эмгектик же башка укук мамилелеринин субъекттери болуп саналган башка жактардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын, Кыргыз Республикасынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле коомдук кызыкчылыктарды сактоо жарандык сот өндүрүшүнүн максаты болуп эсептелет.

2. Жарандык сот өндүрүшүнүн мыйзамда белгиленген тартиби жарандык иштерди туура жана өз убагында кароону жана чечүүнү, мыйзамдуу сот актыларын чыгарууну, аларды аткарууну камсыз кылуусу, мыйзамдуулукту, укук тартибин чыңдоого жана укук бузуулардын алдын алууга көмөк көрсөтүүсү керек.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-4)
