# 296-берене. Аракетке жөндөмдүүлүгү чектелгендигин жокко чыгаруу жана жаранды аракетке жөндөмдүү деп таануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 апреля 2026 года № 40 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044071)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=44240..52162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-296>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-296.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 296-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-296

---

1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 65-статьясынын 2-пунктунда каралган учурларда, сот жарандын өзүнүн, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, камкорчусунун, балдарды коргоо боюнча органдын, прокурордун арызы боюнча жарандын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелгендигин жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарат. Жаранга белгиленген камкорчулук соттун чечиминин негизинде ушул Кодекстин 29-главасында каралган тартипте алып салынат.

2. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 64-статьясынын 3-пунктунда каралган учурларда, сот жарандын же анын өкүлүнүн, камкорчусунун, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакын туугандарынын, психиатриялык дарылоо мекемесинин, балдарды коргоо боюнча органдын, прокурордун арызы боюнча, соттук-психиатриялык экспертизанын тиешелүү корутундусунун негизинде жаранды аракетке жөндөмдүү деп таануу жөнүндө чечим чыгарат. Ага белгиленген камкорчулук соттун чечиминин негизинде ушул Кодекстин 29-главасында каралган тартипте алып салынат.

(КР 2026-жылдын 6-апрелиндеги № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [295-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-295)  
Кийинки берене: [297-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-297)
