# 294-берене. Арызды кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-294>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-294.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 294-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-294

---

1. Жаранды аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануу жөнүндө иш сотто жарандын өзүнүн, арыз берүүчүнүн, прокурордун жана балдарды коргоо боюнча органдын өкүлүнүн катышуусу менен каралат.

2. Аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө иши каралып жаткан жаран, эгерде анын сот жыйналышында болуусу анын өмүрүнө же ден соолугуна же болбосо тегерегиндегилердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбесе, өзүнүн позициясын жеке билдирүү үчүн сот жыйналышына чакырылууга тийиш.

3. Эгерде жарандын соттун орун-жайында өткөрүлүүчү сот жыйналышына жеке катышуусу анын өмүрүнө же ден соолугуна же болбосо тегерегиндегилердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирсе, бул ишти сот жаран турган жерде анын катышуусу менен карайт.

4. Жаранды аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө ишти кароого байланыштуу соттун чыгымдарын төлөөдөн арыз берүүчү бошотулат. Сот арыз берген үй-бүлө мүчөлөрү атайылап негизсиз түрдө жарандын аракетке жөндөмдүүлүгүн чектөө же аны аракетке жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу максатында ак ниеттүү эмес аракеттенгендигин тастыктап, алардан бардык соттук чыгымдарды өндүрүп алат.

5. Аракетке жөндөмсүз деп таанылган жаран жеке өзү же болбосо өкүлдөрү аркылуу соттун чечимин даттанууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [293-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-293)  
Кийинки берене: [295-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-295)
