# 291-берене. Арыздын мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-291>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-291.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 291-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-291

---

1. Жаранды аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануу жөнүндө арызда кумар оюндарына патологиялык түрдө азгырылган, спирт ичимдиктерин же баңги заттарды кыянат ашыкча пайдаланган адамдын өз үй-бүлөсүн оор материалдык абалга алып келген аракеттери жөнүндө күбөлөөчү жагдайлар баяндалууга тийиш.

2. Жаранды аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө арызда жарандагы психикалык бузулуулардын натыйжасында ал өз аракеттеринин маанисин түшүнбөй же аларды башкара албай калгандыгын күбөлөндүргөн жагдайлар жөнүндө баяндалууга тийиш.

---

Мурунку берене: [290-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-290)  
Кийинки берене: [292-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-292)
