# 290-берене. Арызды берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-290>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-290.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 290-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-290

---

1. Кумар оюндарына патологиялык түрдө азгырылуусунун, спирт ичимдиктерин же баңги заттарды кыянат пайдалануусунун натыйжасында жарандын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануу жөнүндө иш сотто анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, балдарды коргоо боюнча органдын, прокурордун арызы боюнча козголушу мүмкүн.

2. Психикасынын бузулуусунун натыйжасында жаранды аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө иш сотто анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, аны менен чогуу жашаган-жашабагандыгына карабастан жакын туугандарынын (ата-энесинин, балдарынын, бир туугандарынын), балдарды коргоо боюнча органдын, прокурордун, психиатриялык дарылоо мекемесинин арызы боюнча козголушу мүмкүн.

3. Жаранды аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануу жөнүндө арыз ал жарандын жашаган жери боюнча, эгерде ал адам психиатриялык дарылоо мекемесине жайгаштырылган болсо - дарылоо мекемесинин жайгашкан жери боюнча берилет.

---

Мурунку берене: [289-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-289)  
Кийинки берене: [291-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-291)
