# 289-берене. Дайынсыз жоголгон деп таанылган же өлгөн деп жарыяланган жарандын келгендигинин же турган жери табылгандыгынын натыйжалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-289>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-289.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 289-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-289

---

1. Дайынсыз жоголгон деп таанылган же өлгөн деп жарыяланган жаран келген же анын турган жери табылган учурда сот өзүнүн жаңы чечими менен өзүнүн мурда чыгарылган чечимин жокко чыгарат.

2. Арыз дайынсыз жоголгон же өлгөн деп таанылган адам тарабынан же башка кызыкдар жак тарабынан берилиши мүмкүн.

3. Соттун жаңы чечими ал мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин жарандын мүлкүн ишенимдүү башкарууну алып салуу үчүн камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдарына же жарандык абал актыларын каттоо китебиндеги анын өлүмү жөнүндө жазууну жокко чыгаруу үчүн жарандык абал актыларын жазуу органына жиберилет.

---

Мурунку берене: [288-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-288)  
Кийинки берене: [290-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-290)
