# 284-берене. Баланы жатак мекемеге жөнөтүү жөнүндө чечимди кайра кароо тууралуу ишти кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-284>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-284.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 284-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-284

---

1. Баланы жатак мекемеге жөнөтүү жөнүндө чечимди кайра кароо тууралуу арыз менен сотко аймагында баланын үй-бүлөсү жашап жаткан балдарды коргоо боюнча орган, жатак мекеме ведомстволук жактан баш ийген тиешелүү ыйгарым укуктуу орган, баланын мыйзамдуу өкүлдөрү кайрылууга укуктуу.

2. Баланын жатак мекемеде болушунун негиздүүлүгүн кайрадан кароо жөнүндө арыз баланы аталган мекемеге жөнөтүү жөнүндө чечимди чыгарган райондук сот тарабынан каралат.

3. Баланы жатак мекемеге жөнөтүү жөнүндө чечимди кайра кароо тууралуу иш балдарды коргоо боюнча органдын өкүлүнүн, бала турган жатак мекеменин өкүлүнүн жана прокурордун милдеттүү катышуусу менен сот тарабынан каралат.

4. Сот арызды карап чыгып, баланы жатак мекемеге жөнөтүү жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралуу же болбосо арызды канааттандыруудан баш тартуу тууралуу чечим чыгарат.

---

Мурунку берене: [283-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-283)  
Кийинки берене: [285-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-285)
