# 281-берене. Баланы жатак мекемеге жөнөтүү жөнүндө арыздын мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-281>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-281.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 281-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-281

---

1. Баланы жатак мекемеге жөнөтүү жөнүндө арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) баланын фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы, жашаган (турган) жери, баланын ата-энеси жөнүндө, анын бир туугандарынын бар экендиги тууралуу маалыматтар;

2) баланы жатак мекемеге жөнөтүү жөнүндө арызды негиздөөчү жагдайлар жана бул жагдайларды ырастаган далилдер.

2. Баланы жатак мекемеге жиберүү жөнүндө арызга төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:

1) баланы интернат мекемесине жиберүүнүн зарылдыгы жөнүндө балдарды коргоо боюнча органдын корутундусу;

2) жатак мекемеге жөнөтүлүүчү баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

3) баланын ата-энесин ата-энелик укуктарынан ажыратуу же чектөө жөнүндө, анын ата-энесин дайынсыз жоголгон, аракетке жөндөмсүз (аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген) деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими, баланын ата-энесине эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындалгандыгы жөнүндө соттун өкүмү жана ата-энеси эркиндигинен ажыратуу жайларында жазасын иш жүзүндө өтөп жаткандыгы жөнүндө маалыматтар;

4) баланын ден соолугунун абалы, денебойлук жана акыл-эстик өнүгүүсү жөнүндө медициналык корутунду;

5) баланы үй-бүлөгө жайгаштыруунун мүмкүн эместигин ырастаган маалыматтар.

---

Мурунку берене: [280-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-280)  
Кийинки берене: [282-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-282)
