# 279-берене. Камкорчуну (көзөмөлчүнү) өз милдеттерин аткаруудан бошотуу жана четтетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-279>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-279.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 279-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-279

---

1. Камкорчуну (көзөмөлчүнү) өзүнүн милдеттерин аткаруудан бошотуу, четтетүү жөнүндө арыз менен сотко балдарды коргоо боюнча орган, камкорчунун (көзөмөлчүнүн) өзү, камкордукка алынуучунун ата-энеси (алардын бири), жашы жете элек камкордукка алынуучунун асырап алуучулары (асырап алуучусу), камкордукка алынуучу жайгаштырылган тарбиялоо, дарылоо мекемесинин, калкты социалдык коргоо мекемесинин же ушундай башка мекеменин администрациясы, камкордукка алынуучунун өзү, анын үй-бүлө мүчөлөрү, анын жакын туугандары (бирге жашагандыгына көз карандысыз түрдө), ошондой эле прокурор кайрылууга укуктуу.

2. Камкорчуну (көзөмөлчүнү) бошотуу, четтетүү жөнүндө арыз камкорчуну (көзөмөлчүнү) белгилөө жөнүндө чечим чыгарган райондук сот тарабынан каралат.

3. Камкорчуну (көзөмөлчүнү) бошотуу, четтетүү жөнүндө иштер сот тарабынан, балдарды коргоо боюнча органдын өкүлүнүн, камкорчунун (көзөмөлчүнүн), ошондой эле прокурордун милдеттүү катышуусу менен каралат.

4. Сот арызды карап чыгып, камкорчуну (көзөмөлчүнү) четтетүү (бошотуу) жөнүндө же арызды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.

---

Мурунку берене: [278-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-278)  
Кийинки берене: [280-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-280)
