# 277-берене. Арызды кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-277>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-277.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 277-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-277

---

1. Камкорчуну (көзөмөлчүнү) дайындоо жөнүндө ишти сот иш өндүрүшкө кабыл алынган күндөн баштап отуз күнгө чейинки мөөнөттө карайт.

2. Камкорчуну (көзөмөлчүнү) дайындоо жөнүндө ишти сот камкорчуга (көзөмөлчүгө) талапкердин, балдарды коргоо боюнча органдын өкүлүнүн, ошондой эле прокурордун милдеттүү катышуусу менен карайт.

3. Сот ишке катышууга камкордукка алынуучунун ата-энесин (алардын бирин) же башка мыйзамдуу өкүлдөрүн, анын туугандарын жана башка кызыкдар жактарды, ошондой эле он жаш куракка жеткен баланын өзүн тартууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [276-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-276)  
Кийинки берене: [278-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-278)
