# 273-берене. Арыз боюнча соттун чечими

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-273>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-273.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 273-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-273

---

1. Баланы асыроо жөнүндө арызды маңызы боюнча карап, сот арызды канааттандыруу жөнүндө же аны канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечимди чыгарат.

2. Соттун чечиминде асырап алуучулардын өтүнүчү боюнча асырап алынган баланын фамилиясын, ысымын, атасынын ысымын, туулган жерин, бир жашка чейинки курактагы баланын туулган күнүн өзгөртүү жөнүндө, төрөлгөндүгү жөнүндө актыларды мамлекеттик каттоого алуу китебинде асырап алуучуларды алар асырап алган баланын ата-энеси катары жазуу жөнүндө көрсөтүлүшү мүмкүн.

3. Соттун чечиминде асырап алынган баланын ата-энесинин же анын туугандарынын өтүнүчү боюнча асырап алынган баланын анын ата-энесинин бири менен (баланы бир адам асырап алган учурда) же каза болгон атасынын же энесинин бир туугандары менен мамилесин сактоо жөнүндө көрсөтүлүшү мүмкүн.

4. Баланы асырап алуу жөнүндө арыз канааттандырылган соттун чечиминин көчүрмөсү ал мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүн ичинде, чечим чыгарылган жер боюнча жарандык абал актыларын жазуу органына, баланын асырап алынгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн сот тарабынан жиберилет.

5. Баланын мурдагы ата-энесине сот чечимдин асырап алуучу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлбөгөн көчүрмөсүн берет.

6. Арыз канааттандырылганда, асырап алуучулардын (асырап алуучунун) жана асырап алынган баланын өз ара укуктары жана милдеттери баланы асырап алуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып белгиленет.

---

Мурунку берене: [272-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-272)  
Кийинки берене: [274-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-274)
