# 268-берене. Арыз боюнча соттун чечими

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-268>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-268.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 268-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-268

---

1. Сот фактыны тастыкталды деп эсептеген учурларда, чечимде факт кайсы максат үчүн аныкталгандыгын, ошондой эле фактыны аныкталды деп таанууга негиз болгон далилдерди көрсөтүүгө тийиш.

2. Соттун чечими фактыны ырастаган документ болуп эсептелет, ал эми жарандык абал актыларын жазуу органдарында катталууга же башка органдарда таризделүүгө тийиш болгон фактыга карата - бул органдар тарабынан берилүүчү документти алмаштырбастан мындай каттоо жана тариздөө үчүн негиз болот.

---

Мурунку берене: [267-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-267)  
Кийинки берене: [269-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-269)
