# 263-берене. Өзгөчө өндүрүштүн иштерин кароонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-263>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-263.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 263-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-263

---

1. Өзгөчө өндүрүштүн иштери сот тарабынан ушул Кодекстин 26-37-главаларында белгиленген алып салуулар жана толуктоолор менен доо өндүрүшүнүн эрежелери боюнча каралат.

2. Өзгөчө өндүрүштүн иштерин сот арыз берүүчүнүн, кызыкдар жарандардын жана юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн, ал эми мыйзамда жана ушул Кодексте белгиленген учурларда - прокурордун катышуусу менен карайт.

3. Эгерде ишти өзгөчө өндүрүш тартибинде кароодо сотко таандык болуучу укук жөнүндө талаш бар экендиги аныкталса, сот арызды карабастан калтыруу жөнүндө аныктама чыгарат, анда арыз берүүчүгө жана кызыкдар башка жактарга алардын талашты доо өндүрүшү тартибинде чечүү укугун түшүндүрөт.

---

Мурунку берене: [262-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-262)  
Кийинки берене: [264-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-264)
