# 262-берене. Өзгөчө өндүрүш тартибинде сот тарабынан каралуучу иштер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 апреля 2026 года № 40 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044071)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.04.2026 [Закон КР от 6 апреля 2026 года № 40 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044071); 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566); 11.04.2020 [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=44240..52162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-262>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-262.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 262-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-262

---

1. Өзгөчө өндүрүш тартибинде сот төмөнкүдөй иштерди карайт:

1) юридикалык мааниси бар фактыларды аныктоо жөнүндө;

2) баланы асырап алуу жөнүндө;

3) көзөмөлчүлүктү (камкорчулукту) аныктоо жөнүндө;

4) балдарды интернат мекемелерине жөнөтүү жөнүндө;

5) жаранды дайынсыз жоголгон деп таануу же жаранды өлгөн деп жарыялоо жөнүндө;

6) жаранды аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү же аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө, аракетке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү тууралуу;

7) жашы жете электи аракетке толук жөндөмдүү деп таануу (эмансипация) жөнүндө;

8) кыймылдуу мүлктү ээсиз деп таануу жөнүндө жана ээсиз кыймылсыз мүлккө карата муниципалдык менчик укугун таануу жөнүндө;

9) жоголуп кеткен, көрсөтүүчүгө төлөнүүчү баалуу кагаздарга карата жана ордердик баалуу кагаздарга укукту калыбына келтирүү жөнүндө (чакыртуу өндүрүшү);

10) жаранды психиатриялык стационарга мажбурлап жаткыруу жөнүндө;

11) жоготулган сот өндүрүшүн калыбына келтирүү жөнүндө арыздар боюнча;

12) (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

13) (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

14) нотариустун актыларын, жасалган нотариалдык аракеттерди же аларды жасоодон баш тартууну талашуу жөнүндө арыздар боюнча.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен башка иштер да өзгөчө өндүрүшкө таандык кылынышы мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2026-жылдын 6-апрелиндеги № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2613-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-2613)  
Кийинки берене: [263-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-263)
