# 2612-берене. Арызды кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 251-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 июля 2025 года № 160 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия экстремистской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030073)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2025 [Закон Кыргызской Республики от 28 июля 2025 года № 160 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия экстремистской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030073); 25.07.2017 [Закон КР от 25 июля 2017 года № 141 "О внесении изменений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111648)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=34817..35624>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-2612>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-2612.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 2612-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-2612

---

1. Арыз келип түшкөн учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө сот тарабынан каралууга тийиш. Эгерде арызда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурлар болсо, алар боюнча чечим он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат.

2. Арызды сот талапты билдирген прокурордун жана эгерде алардын турган орду белгилүү болсо, арызда көрсөтүлгөн жактардын катышуусу менен карайт. Сот жыйналышынын убагы жана орду жөнүндө талаптагыдай түрдө кабардар кылынган арызда көрсөтүлгөн жактардын сотко келбөөсү ишти кароого жана чечүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Эгерде арызда көрсөтүлгөн жактардын турган орду белгисиз болгон учурда, сот арызды алардын катышуусусуз карайт.

(КР 2017-жылдын 25-июлундагы № 141 , 2025-жылдын 28-июлундагы № 160 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2611-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-2611)  
Кийинки берене: [2613-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-2613)
