# 260-берене. Доо арызын карабастан калтыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-260>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-260.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 260-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-260

---

1. Сот доо арызын ушул Кодекстин 222-беренесинде көрсөтүлгөн негиздер боюнча, ошондой эле төмөнкүдөй учурларда карабастан калтырат:

1) эгерде мыйзамга, башка ченемдик укуктук актыга же келишимге ылайык карыз банк же дагы башка кредиттик мекеме аркылуу алынууга тийиш болсо жана доогер карызды жоопкерден алуу үчүн банкка же дагы башка кредиттик мекемеге кайрылбаса;

2) эгерде мыйзамда талаштардын бул категориясы үчүн же келишимде каралса жана доогер жоопкер менен талашты сотко чейин жөнгө салуу үчүн чара көрбөсө жана мындай жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү жоготулбаса.

2. Доо арызын карабастан калтыруу жөнүндө аныктама ушул Кодекстин 223-беренесинде каралган эрежелер боюнча чыгарылат.

---

Мурунку берене: [259-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-259)  
Кийинки берене: [261-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-261)
