# 259-берене. Доо арызын кайра кайтаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566); 11.04.2020 [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261672..1261674>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-259>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-259.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 259-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-259

---

1. Судья доо арызын жана ага тиркелген документтерди ушул Кодекстин 138-беренесинде көрсөтүлгөн негиздер боюнча, ошондой эле төмөндөгүдөй учурларда кайра кайтарат:

1) (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

11) эгерде доо арызынын ушул Кодекстин 257-беренесинде белгиленген формасы жана мазмуну сакталбаса;

2) эгерде доо арызына кол коюлбаса же ага кол коюуга укуксуз адам же кызмат абалы көрсөтүлбөгөн адам кол койсо;

3) (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

31) эгерде ушул Кодекстин 258-беренесинде каралган документтер ишке катышуучу жактарга жөнөтүлгөндүгүнүн далилдери берилбесе;

4) эгерде бир доо арызына бир же бир нече жоопкерге бир нече талаптар бириктирилсе, бул талаптар бири-бири менен байланышпаса;

5) эгерде мыйзамга, башка ченемдик укуктук актыга же келишимге ылайык карыз банк же башка кредиттик мекеме аркылуу алынууга тийиш болсо жана карызды жоопкерден алуу үчүн банкка же башка кредиттик мекемеге кайрылгандыгынын далилдери берилбесе.

2. Доо арызын кайра кайтаруу жөнүндө аныктама ушул Кодекстин 138-беренесинде каралган эрежелер боюнча чыгарылат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган доо арызын кайра кайтаруу үчүн негиздер доо арызын кыймылсыз калтыруу үчүн негиз болуп саналбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [258-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-258)  
Кийинки берене: [260-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-260)
