# 258-берене. Доо арызына тиркелүүчү документтер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-258>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-258.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 258-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-258

---

Доо арызына ушул Кодекстин 135-беренесинин 2-5-пункттарында каралган документтерден тышкары төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:

1) доо арызынын жана ага тиркелген, ишке катышуучу башка жактарда жок документтердин көчүрмөлөрүн ишке катышуучу башка жактарга тапшырылгандыгы жөнүндө кабардама же алардын жөнөтүлгөндүгүн ырастаган башка документтер;

2) юридикалык жак же жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; юридикалык жактын уставынын көчүрмөсү;

3) эгерде мыйзамда талаштардын бул категориясы үчүн же келишимде каралган болсо, доогер талашты сотко чейин жөнгө салуунун тартибин сактагандыгын ырастаган документтер;

4) эгерде келишим түзүүгө мажбурлоо жөнүндө талап билдирилсе, келишимдин долбоору.

---

Мурунку берене: [257-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-257)  
Кийинки берене: [259-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-259)
