# 257-берене. Доо арызынын формасы жана мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.11.2025 [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 182 "О внесении изменений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030312)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=44240..52162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-257>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-257.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 257-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-257

---

1. Доо арызы сотко жазуу жүзүндө, басылма текст түрүндө берилет жана ага юридикалык жактын жетекчиси же атайын ыйгарым укук берилген башка адам, жеке ишкер же анын өкүлү кол коет. Доо арызы мөөр менен күбөлөндүрүлөт. Жеке ишкерде мөөрдүн жоктугу доону кабыл алуудан баш тартууга, доо арызын кайра кайтарууга же карабастан калтырууга негиз болуп саналбайт.

2. Ушул Кодекстин 134-беренесинде каралган жоболордон тышкары, доо арызында төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) тараптардын почта даректери жана алардын банк реквизиттери, эгерде бар болсо – мобилдик телефон, факс номери, электрондук почтасынын дареги;

2) өндүрүп алынуучу же талашылуучу сумманын эсеби;

3) доогердин мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга шилтеме берилген талаптары, ал эми бир нече жоопкерге доо коюлган учурда, алардын ар бирине карата талаптар;

4) мыйзамда талаштардын бул категориясы үчүн же келишимде каралган учурда жоопкер менен талашты сотко чейин жөнгө салуу үчүн чараларды көрүү жөнүндө маалыматтар.

3. Доо койгондо доогер ишке катышуучу башка жактарга доо арызынын жана арызга тиркелүүчү, аларда жок документтердин көчүрмөлөрүн тапшырылгандыгы жөнүндө кабардоо шартында тапшырык кат менен жөнөтүүгө милдеттүү.

4. Доо арыз ошондой эле сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик түрдө сотко берилиши мүмкүн.

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы N 182, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [256-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-256)  
Кийинки берене: [258-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-258)
