# 255-берене. Экономикалык иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-255>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-255.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 255-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-255

---

1. Экономикалык иштер боюнча өндүрүш соттор тарабынан ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөр менен, жарандык сот өндүрүшүнүн жалпы эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Ишкердик жана башка экономикалык иштен келип чыгуучу, тараптары юридикалык жактар жана (же) бул ишти юридикалык жакты түзбөстөн жүзөгө ашырган жана мыйзамда белгиленген тартипте жеке ишкердин статусуна ээ болгон жарандар (мындан ары - жеке ишкерлер) болгон иштер экономикалык иштер болуп саналат, алардын тараптары өздөрүнүн бузулган же талашылып жаткан укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн ушул Кодексте белгиленген тартипте сотко кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [254-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-254)  
Кийинки берене: [256-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-256)
