# 253-берене. Соттун буйругун жокко чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июня 2025 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам нотариальной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027859)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=27535..32929>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-253>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-253.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 253-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-253

---

1. Соттун буйругун жокко чыгаруу жөнүндө карызкордун каршы пикири ал сотко келип түшкөн күндөн тартып үч күндүн ичинде судья тарабынан каралат.

2. Ушул Кодекстин 246-беренесинин 1 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар боюнча чыгарылган сот буйругу, эгерде билдирилген талапка карата карызкордун каршы пикири келип түшсө, судья тарабынан жокко чыгарылат, бул жөнүндө аныктама чыгарылат. Соттун буйругун жокко чыгаруу жөнүндө аныктамада судья билдирилген талап доо өндүрүшү тартибинде коюлушу мүмкүн экендиги жөнүндө өндүрүп алуучуга түшүндүрөт. Соттун буйругун жокко чыгаруу жөнүндө аныктаманын көчүрмөлөрү тараптарга ал чыгарылгандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.

3. Соттун буйругу жокко чыгарылганда, өндүрүп алуучу төлөгөн мамлекеттик алым кайтарып берилбейт.

(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Көңүл бургула! Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамы менен ушул Кодекстин 252-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-январынын тартып күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [252-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-252)  
Кийинки берене: [254-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-254)
