# 252-берене. Карызкорго соттун буйругунун көчүрмөсүн жиберүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июня 2025 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам нотариальной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027859)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=27535..32929>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-252>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-252.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 252-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-252

---

1. Ушул Кодекстин 246-беренесинин 1 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар боюнча соттун буйругу чыгарылгандан кийин судья кийинки күндөн кечиктирбестен анын көчүрмөсүн карызкорго анын тапшырылгандыгы кайра билдирүү шарты менен жөнөтөт.

2. Карызкор соттун буйругунун көчүрмөсүн алгандан кийин он күндүк мөөнөттүн ичинде, билдирилген талапка өзүнүн каршы пикирин себептерин көрсөтүү менен, анын сотко келип түшүүсүн камсыз кылуучу кандай болбосун байланыш каражаттары аркылуу жиберет.

(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Көңүл бургула! Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамы менен ушул Кодекстин 252-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-январынын тартып күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [251-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-251)  
Кийинки берене: [253-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-253)
