# 251-берене. Соттун буйругунун мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июня 2025 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам нотариальной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027859)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=27535..32929>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-251>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-251.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 251-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-251

---

1. Соттун буйругунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) өндүрүштүн номери жана буйрукту чыгаруунун датасы;

2) соттун аталышы, буйрукту чыгарган судьянын фамилиясы жана инициалдары;

3) өндүрүп алуучунун аталышы жана ал жөнүндө ушул Кодекстин 248-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган башка маалыматтар;

4) карызкордун аталышы жана ал жөнүндө ушул Кодекстин 248-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган башка маалыматтар;

5) талапты канааттандыруу негизделүүчү мыйзам же башка ченемдик укуктук акт;

6) өндүрүлүүгө тийиш акчалай сумманын өлчөмү же талап кылынууга тийиш кыймылдуу мүлктү наркын көрсөтүү менен белгилөө;

7) эгерде төлөтүп алынышы мыйзамда же келишимде каралса, үстөк төлөмдүн өлчөмү;

8) карызкордон тиешелүү бюджетке өндүрүп алынууга тийиш мамлекеттик алымдын суммасы.

2. (КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Соттун буйругу атайын даярдалган бланкта түзүлөт, ага судья кол коёт. Соттун буйругунун бир нускасы иштин материалдарында калтырылат, башкасы аткаруу үчүн жиберилет.

(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Көңүл бургула! Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамы менен ушул Кодекстин 251-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-январынын тартып күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [250-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-250)  
Кийинки берене: [252-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-252)
