Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
251-берене. Соттун буйругунун мазмуну
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 24-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 4 июня 2025 года № 111
1. Соттун буйругунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) өндүрүштүн номери жана буйрукту чыгаруунун датасы;
2) соттун аталышы, буйрукту чыгарган судьянын фамилиясы жана инициалдары;
3) өндүрүп алуучунун аталышы жана ал жөнүндө ушул Кодекстин 248-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган башка маалыматтар;
4) карызкордун аталышы жана ал жөнүндө ушул Кодекстин 248-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган башка маалыматтар;
5) талапты канааттандыруу негизделүүчү мыйзам же башка ченемдик укуктук акт;
6) өндүрүлүүгө тийиш акчалай сумманын өлчөмү же талап кылынууга тийиш кыймылдуу мүлктү наркын көрсөтүү менен белгилөө;
7) эгерде төлөтүп алынышы мыйзамда же келишимде каралса, үстөк төлөмдүн өлчөмү;
8) карызкордон тиешелүү бюджетке өндүрүп алынууга тийиш мамлекеттик алымдын суммасы.
2. (КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Соттун буйругу атайын даярдалган бланкта түзүлөт, ага судья кол коёт. Соттун буйругунун бир нускасы иштин материалдарында калтырылат, башкасы аткаруу үчүн жиберилет.
(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Көңүл бургула! Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамы менен ушул Кодекстин 251-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-январынын тартып күчүнө кирет.
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 4 июня 2025 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам нотариальной деятельности"Редакцияларды салыштыруу
04.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…бюджетке өндүрүп алынууга тийиш мамлекеттик алымдын суммасы.
2. алынып салынды: Жашы жете элек балдар үчүн алимент өндүрүү жөнүндө соттун буйругунда ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-5 жана 8-пункттарынан тышкары багуу үчүн алимент ыйгарылган ар бир баланын аты жана туулган датасы, карызкордон ай сайын өндүрүлүүчү төлөмдүн өлчөмү жана аны өндүрүп алуунун мөөнөтү көрсөтүлөт.
кошулду: (КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Соттун буйругу атайын даярдалган бланкта түзүлөт, ага судья кол … иштин материалдарында калтырылат, башкасы аткаруу үчүн жиберилет.
кошулду: (КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Көңүл бургула! Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамы менен ушул Кодекстин 251-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-январынын тартып күчүнө кирет.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111521/st-251" title="251-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>