# 249-берене. Соттун буйругун берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартууга негиздер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-249>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-249.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 249-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-249

---

1. Соттун буйругун берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан судья ушул Кодекстин 137, 138-беренелеринде каралган негиздер боюнча баш тартат.

Мындан тышкары, судья арызды кабыл алуудан төмөнкүдөй учурларда баш тартат: эгерде билдирилген талап ушул Кодекстин 246-беренесинде каралбаса; эгерде билдирилген талапты ырастаган документтер берилбесе; эгерде карызкор Кыргыз Республикасынын сотторунун юрисдикциясынын чегинен тышкары болсо; эгерде документтерде укук жөнүндө талаш бар экендиги билинсе; эгерде, мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, билдирилген талапка мамлекеттик алым төлөнбөсө.

2. Арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө судья арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарат, ага карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

3. Соттун буйругун берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартуу өндүрүп алуучунун ошол эле талап боюнча доо өндүрүшү тартибинде доо коюу мүмкүнчүлүгүнө тоскоолдук кылбайт.

4. Арызды кабыл алуудан баш тартылганда, өндүрүп алуучу төлөгөн мамлекеттик алым ушул Кодекстин 108-беренесинде каралган тартипте кайтарып берилет.

Өндүрүп алуучу доо өндүрүшү тартибинде карызкорго доо койгондо, төлөнгөн мамлекеттик алым төлөнүүгө тийиш алымдын эсебине чегерилет. Караңыз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими 2018-жылдын 24 январындагы.

---

Мурунку берене: [248-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-248)  
Кийинки берене: [250-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-250)
