# 246-берене. Соттун буйругу берилүүчү талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2025 года № 134 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029477)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.07.2025 [Закон КР от 8 июля 2025 года № 134 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029477); 04.06.2025 [Закон КР от 4 июня 2025 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам нотариальной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027859)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=32929..34763>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-246>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-246.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 246-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-246

---

1. Карызкордон акчалай акчалай суммаларды өндүрүп алуу же кыймылдуу мүлктү талап кылуу жөнүндө талаптар боюнча соттун буйругу төмөнкүдөй учурларда чыгарылат, эгерде:

1) жоопкерди же карызкорду жана анын мүлкүн, ошондой эле карызкордон соттун чечими боюнча тартып алынган баланы издөө боюнча чыгымдарды өндүрүп алуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан талап билдирилсе;

2) соттун чечими боюнча мыйзамда каралган төлөмдөр төлөнгөн кызматкердин эмгек укуктарын бузган жактын эмгек акысынан ап келтирген зыяндын суммасын кармап калуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан же болбосо менчигинин укугуна карабастан юридикалык жактан талап билдирилсе;

3) турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө боюнча карызды өндүрүп алуу жөнүндө талап билдирилсе.

2. Соттун буйругу салык органынын, юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же уюштуруучунун юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө билдирген талаптары боюнча чыгарылат.

(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111, 2025-жылдын 8-июлундагы № 134 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) Көңүл бургула! Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамы менен ушул Кодекстин 246-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-январынын тартып күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [245-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-245)  
Кийинки берене: [247-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-247)
