# 24-берене. Четтетүү (өзүн өзү четтетүү) жөнүндө билдирүүнү канааттандыруунун натыйжалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 24-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-24

---

1. Биринчи инстанциядагы сотто ишти карап жаткан судья четтетилген (өзүн өзү четтеткен) учурда бул иш ошол эле сотто башка судья тарабынан каралат. Эгерде иш каралып жаткан сотто судьяны алмаштырууга мүмкүн болбосо, иш биринчи инстанциядагы башка сотко жогору турган сот аркылуу берилет. Экономикалык иштер боюнча иш Кыргыз Республикасынын Жогорку соту аркылуу берилет.

2. Ишти апелляциялык, кассациялык инстанциядагы сотто кароодо судьялар четтетилген (өзүн өзү четтеткен) учурда иш ошол эле сотто, бирок судьялардын башка курамында каралат.

3. Эгерде четтетүүлөрдү канааттандыруунун натыйжасында же ушул Кодекстин 19-беренесинде көрсөтүлгөн себептер боюнча апелляциялык инстанциядагы сотто бул ишти ошол эле сотто кароо үчүн соттун жаңы курамын түзүү мүмкүн болбосо, иш жогору турган сот аркылуу ошол эле инстанциядагы башка сотко берилиши керек.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-25)
