# 238-берене. Сырттан чыгарылган чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арыздын мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-238>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-238.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 238-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-238

---

1. Сырттан чыгарылган чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арызда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) сырттан чыгарылган чечимди чыгарган соттун аталышы;

2) арыз берүүчү жактын аталышы, анын жашаган жери;

3) тараптын сот жыйналышына келбегендигинин себеби жүйөлүү экендигин жана аларды сотко билдирүүгө мүмкүн болбогондугун күбөлөөчү жагдайлар жана бул жагдайларды ырастаган далилдер;

4) арыз берүүчү адамдын суранычы;

5) арызга тиркелген материалдардын тизмеги.

2. Сырттан чыгарылган чечимди кайра кароо жөнүндө арызга тарап же анын өкүлү кол коет жана ишке катышуучу жактарга арыздын көчүрмөсү жиберилгендигинин далилдери менен сотко берилет.

---

Мурунку берене: [237-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-237)  
Кийинки берене: [239-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-239)
