# 237-берене. Сырттан чыгарылган чечимди даттануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-237>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-237.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 237-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-237

---

1. Сот жыйналышына катышпаган жоопкер чечимдин көчүрмөсүн алган учурдан тартып беш күндүн ичинде бул чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арызды сырттан чыгарылган чечимди чыгарган сотко берүүгө укуктуу.

2. Сырттан чыгарылган чечим тараптар жана (же) бул чечимде укуктары жана кызыкчылыктары козголгон башка жактар тарабынан, бул чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арызды берүү мөөнөтү өткөндөн кийин апелляциялык тартипте, ал эми арыз берилген учурда - арызды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарылган учурдан тартып он күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн. Алелляциялык даттануу берүүнүн мөөнөтү кайсы болбосун учурда ушул Кодекстин 324-беренесинде каралган мөөнөттөн кем болушу мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [236-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-236)  
Кийинки берене: [238-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-238)
