# 234-берене. Сырттан жүргүзүлгөн өндүрүштүн негиздери жана тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 мая 2019 года № 63 "О внесении изменений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111910)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261667..1261668>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-234>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-234.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 234-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-234

---

1. Сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө тиешелүү түрдө кабарландырылган, келбегендигинин жүйөлүү себептери жөнүндө билдирбеген жана ишти өзү жокто кароо жөнүндө суранбаган жоопкер сот жыйналышына келбеген учурда иш сырттан жүргүзүлгөн өндүрүш тартибинде каралышы мүмкүн. Ишти мындай тартипте кароо жөнүндө сот аныктама чыгарат, ал сот жыйналышынын протоколуна киргизилет.

2. Ушул главанын талаптары өзгөчө өндүрүш тартибинде каралуучу иштерге жайылтылбайт.

3. Эгерде ишке бир нече жоопкер катышса, бардык жоопкерлер сот жыйналышына келбеген учурда иш сырттан жүргүзүлгөн өндүрүш тартибинде каралышы мүмкүн.

4. Доогер тарабынан доонун предмети же негизи өзгөртүлгөндө, доо талаптарынын өлчөмү көбөйтүлгөндө сот бул сот жыйналышында ишти сырттан жүргүзүлгөн өндүрүш тартибинде кароого укуксуз.

5. Ишти сырттан жүргүзүлгөн өндүрүштө кароо ишти кароонун жалпы эрежелери боюнча жүргүзүлөт. Мында сот ишке катышуучу жактар берген далилдерди иликтейт, алардын жүйөлөрүн жана өтүнүчтөрүн карайт жана сырттан чыгарылган деп аталуучу чечимди чыгарат.

6. (КР 2019-жылдын 17-майындагы № 63 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2019-жылдын 17-майындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [233-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-233)  
Кийинки берене: [235-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-235)
