# 2311-берене. Кассациялык инстанциядагы сотто протоколдун мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261672..1261674>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-2311>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-2311.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 2311-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-2311

---

Кассациялык инстанциянын соттук жыйналышынын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) соттук жыйналыштын датасы жана орду;

2) соттук жыйналышты ачуунун жана жабуунун (баштоонун жана аяктоонун) убактысы;

3) ишти караган соттун аталышы, соттун курамы, соттук жыйналыштын катчысы, ишке катышуучу жактар, ошондой эле соттук жыйналышка катышуучу жактар жана алардын кассациялык даттанууга (сунушка) карата позициясы;

4) иштин аталышы;

5) төрагалык кылуучунун тескемелери жана өзүнчө процесстик акт чыгарбастан жана кеңешүү бөлмөсүнө кетпестен кабыл алынган аныктамалар;

6) соттук актыны кабыл алуу үчүн соттун кетүүсү жөнүндө маалыматтар;

7) соттук актынын резолютивдик бөлүгүн же толук текстин жарыялоо жөнүндө, ошондой эле жүйөлөштүрүлгөн соттук акты менен таанышуу датасы жөнүндө маалымат;

8) протокол түзүлгөн жана ага кол коюлган дата.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [231-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-231)  
Кийинки берене: [232-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-232)
